Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Металлдан (көбүнчө чоюндан) тамак бышырууга ылайыкталып жасалган, көлөмү ар кандай, ооз, жагы тегерек келген идиш. Казанга жакын жүрсө, көөсү жугат (макал). Беш кемегеге беш казан асылып, чүйгүндөлүп салынган эт боркулдап кайнай баштады (Жантөшев). Торсойгон кичинекей казанга Батыш жарма жасады (Байтемиров). 2. Суу кайнатып, буусун түтүк аркылуу алып турууга ылайыкталган туюк бак сыяктуу жасалга. Буу казаны.